Университеттерди илимий борборлорго айландыруу

Университеттерди илимий борборлорго айландыруу

Казакстан жогорку окуу жайларды изилдөө университеттерине айлантууну пландоодо. Бул үчүн республикада ири окуу жайлардын базасында Академиялык өркүндөтүү борборлору түзүлүүдө. Алардын негизги милдети жаштарды илимге тартуу. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен кабарлашты. Илим жана жогорку билим берүү министринин айтымында, бул процесске студенттерди тартууга университеттердин дубалындагы жаңы изилдөөлөр жана алардын өндүрүш менен интеграциясы жардам берет. Бирок бул үчүн шарттар, анын ичинде заманбап лабораториялар жана бекер каржылоо керек. Эми мыйзам деңгээлинде ишканалардын мындай кызматташууга кызыкчылыгын камсыз кылуу зарыл.

Саясат Нурбек, Казакстандын илим жана жогорку билим берүү министри:

Учурда биз ЖОЖдорго кошумча каражат топтоп, лабораториялык базаларды, окуу корпустарын өнүктүрүүгө, жатаканаларды курууга, университетке таланттуу окумуштууларды, окутуучуларды тартууга мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун иштеп чыгуудабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков