Казакстандыктар арасында спорттун улуттук түрүн
тандагандардын саны өсүүдө. Алардын саны акыркы 3 жылда 35%га өстү. Маданият жана
спорт министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы улуттук спорттун
түрлөрү менен 432 миң адам алектенсе, 2022-жылдын аягында бул көрсөткүч 584 миң
адамга жеткен. Аталган спорт түрүн тандоочулардын арасында Түркестан облусу
алдыда келе жатат. Алдыңкы үчтүккө Жамбыл жана Алматы облустары кирди. Ошол эле
учурда өлкөнүн башка аймактарында да алардын саны көбөйүп келүүдө. Костанай,
Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан облустары жана Шымкент шаарынын
тургундары спорттун улуттук түрлөрүн тандай баштаган. Белгилей кетсек, тогуз коргоол, казак
күрөшү, көк бөрү, чүкө атуу жана жарыш Казакстанда эң популярдуу улуттук оюндар
катары таанылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков