Казакстан монетасы эл аралык сыйлыкка ээ болду

Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналган монета эл аралык сыйлыкка ээ болду. XVII «Монета Жарык Жылдызы» эл аралык сынагында 18 өлкөдөн келген 23 катышуучунун ичинен казак тыйыны 3-орунду ээледи. Сынактын катышуучулары былтыр жарык көргөн банкнотторду сунушташты. 9 номинация боюнча жеңүүчүлөр кесипкөй калыстар тарабынан тандалды. Анын курамына бир нече өлкөнүн ири музейлеринин, аукциондорунун, нумизматикалык уюмдардын өкүлдөрү жана монета изилдөөчүлөр кирген. Дагы бир айта кетчү жагдай, бул сынакта жеңүүчүлөрдүн катарына кирген Беларустун жана Кыргызстандын Улуттук банктарынын тыйындары да Казакстанда жасалып чыгарылган.

Алмат Басенов, Казакстан улуттук банкынын башкы дизайнери:
-
Бул номинациянын кызыгы, жаңы технологияларды колдонуу менен жасалган, боёлгон, бриллиант менен капталган, алтын жалатылган жана асыл таштардан жасалган тыйындар киргизилген эмес. Бул тыйын эски салт боюнча жасалышы керек дегенди билдирет. Ошол эле технология боюнча Мухтар Ауэзовдун урматына тыйын чыгарганбыз. Монетанын арткы бетине карасаңыз, калем менен жазууну көрүүгө болот. Ал Мухтар Ауэзовду казак адабиятынын классиги катары көрсөтөт.

«Жаратылыш сырлары» жаңы коллекциясынын монеталары жарык көрдү

Буга байланыштуу Казакстандын Улуттук банкы «Жаратылыш сырлары» жаңы сериясындагы коллекциялык монеталарды жүгүртүүгө киргизди. Татаал технология жана күмүш менен тантал колдонулган монета TÁŃIRLIK TANYM деп аталды. 500 нуска менен чыкты. Дизайнерлердин айтымында, монеталар агартуучулук милдетти аткарат. Ал аркылуу адамдар өткөн цивилизациялар жөнүндө биле алышат. TÁŃIRLIK TANYM тыйынында кереметтүү өмүр дарагы «Байтерек» сүрөтү түшүрүлгөн. Мындан тышкары, анын башында «Самрук» кушу жана ажыдаар орун тапкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков