Мажилистин депутаттары суюлтулган газдын айлануусун жөнгө салуу процесстерин реинжинирингдөө маселелери боюнча киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду биринчи окууда жактырды. Документ суюлтулган көгүлтүр отундун чекене баасын мамлекеттик жөнгө салууну, ошондой эле анын ачыктыгына багытталган. Мыйзам долбоорунда суюлтулган газды дүңүнөн сатуу боюнча маалыматтарды чогултуу жана анын рыногундагы бардык процесстерди максималдуу түрдө автоматташтыруу жана санариптештирүү көздөлгөн. Мындан тышкары, суюлтулган газ рыногунун инфраструктуралык объектилеринин аныктамалары жана функционалдык мүмкүнчүлүктөрү такталууда. Бул өнөр жай комплекстерине, газ толтуруучу станцияларга тиешелүү. Облус ичинде газ лимиттерин бөлүштүрүү боюнча жергиликтүү аткаруу органдарынын жоопкерчилиги да жогорулап жатат. Тармакты санариптештиргенден кийин маалыматты талдоо негизинде маалымат системасында жайылтуу процесси жүргүзүлөт деп күтүлүүдө. Мунун баары рынокту жөнгө салууга мүмкүндүк берет, дешет депутаттар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков