Казакстанда улуттук ит тукумун сактоо үчүн биоматериал менен ДНК банкы түзүлөт

Казакстанда дөбөт тукумдуу иттердин биоматериалдары менен ДНК банкы түзүлөт. Генетика жана физиология институтунун маалыматы боюнча, бул таза кандуу иттер жоголуп бара жатат. Банк аркасында келечекте дөбөттөрдүн генетикалык материалдарын сактап калып, изилдөө үчүн колдонууга болот.  Жада калса жаңы тукум алууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окумуштуулар учурда тиешелүү иштерди баштады. Алар казак итине тиешелүү бардык маалыматтарды ар тараптуу изилдөө жүргүзүшөт.

Гүлнур Жүнисова, Генетика жана физиология институтунун башкы мүдүрү:
- Биз бул ит тукумунун биоматериал банкын гана эмес, криобанкын да калыптандырабыз. Биоматериал сакталуучу криобанкта биз мындан да төмөн температураны колдонобуз. - 80 эмес, -196 градус болот. Мындай температура суюк азоттун аркасында гана сакталат. Бул криобанкта ДНК жана кандан тышкары, соматикалык клетка бөлүктөрүн жана жыныстык клеткаларды сактайбыз.

Казактын дагы бир асыл тукумдуу ити тазыга келсек, окумуштуулар биоматериалдар менен ДНК банкын түзүү жумуштарын аяктады. Изилдөөгө Казакстандын бардык аймактарынан ит багуучулар катышты. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында тайган баккан 200 адам генетикалык паспорт алды.

Гүлнур Жүнисова, Генетика жана физиология институтунун башкы мүдүрү:
- Бул изилдөөлөргө Түштүк, Түндүк жана Чыгыш Казакстандын тайгандары катышты. Себеби, окумуштуулар бул тукум конкреттүү түрдө кайсыл аймактан чыкканын так аныкташат. Келечекте өлкөнүн батыш аймактарындагы тазыларды изилдөө иштерине тарта алабыз деген үмүттөбүз. Себеби, ар кайсы аймактардагы тайгандар бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Баардык аймактарда тукумду изилдөө биз үчүн абдан маанилүү.

Айта кетсек, Казактын тазысы World Dog Show 2023 Дүйнө чемпионатында биринчи орунду ээледи. Таанылбаган ит тукумдары таймашында казактын иттери алдыда болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков