Эске салсак, ата мекендик аскер кызматкерлери Индиянын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу контингентинин курамында болушкан жана Чыгыш секторунда жайгашышкан. Өлкөнүн Коргоо министрлигинен билдиришкендей, БУУнун мандатынын алкагында алар жөө жана көчмө патрулдук кызматтарды аткарып, посттордун ишин уюштуруп, башка тапшырмаларды аткарышкан. Белгилей кетсек, Индиянын бейпилдик контингентинин курамында Ливандагы миссияга жалпысынан 500дөн ашуун казакстандык аскер кызматкерлери катышкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков