Казакстан жарым жылда 11 миң тонна уран өндүрдү

Казакстан жарым жылда 11 миң тонна уран өндүрдү

Мамлекет башчыга «Казатомпромдун» быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу Улуттук атомдук компаниянын башкармалыгынын төрагасы маалымат берди. Меиржан Юсупов белгилегендей, 6 айда 11 миң тонна уран өндүрүлүп, 8 миң тонна сатылган. Казакстандын президенти улуттук компаниянын геологиялык чалгындоо активдеринин портфелин мындан ары кеңейтүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана пландар тууралуу маалымат алды.

Меиржан Юсупов, «Казатомпром «улуттук атомдук компаниясы» АК башкармалыгынын төрагасы:

– Президентке өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын кеңейтүү жана толуктоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып бердим.  Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктарынын бири – «Инкай» кениндеги 3 тилкенин эсебинен кенди көбөйтүү. Бул өсүш 83 миң тонна уран деп бааланат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн жана ресурстук базаны толуктоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы иштерди улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков