Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 222 согуштун ардагери жана 60 миңден ашуун тылдын эмгекчилери жашайт. Согуш жылдары 1 миллион 200 миңден ашуун казакстандык фронтко аттанган. Казак жеринде 20дан ашык аткычтар дивизиялары жана башка бирикмелер түзүлгөн. Эрдиги үчүн жүз миңдеген казакстандык медалдар жана ордендер менен сыйланышты, 500гө жакын адам Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болушту. Бул наамга төрт казакстандык эки жолу ээ болгон. Ал эми 110 казак жоокери үчүнчү даражадагы Даңк ордени менен сыйланган. Колуна курал алган ар бир экинчи казак Улуу Жеңиш үчүн жанын берген. Жалпысынан 630 миң казакстандык согуш талаасында тамчы каны калганча курман болушкан. Бул кара тизмеге дайынсыз жоголгондор жана туткундан кайтпай калгандар да кирет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков