«Хабар» агенттиги экологияга арналган тематикалык жылнаама чыгарды. Максаты – жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы түрдүү демилгелерди кеңири жайылтуу. Ошондуктан, календардын ар бир айы белгилүү бир экологиялык маселени камтыйт. Дагы бир өзгөчөлүгү - атайын QR-коддун болушу. Ал аркылуу «Хабар» агенттигинин экология темасындагы бардык долбоорлору менен таанышууга болот. Бирок бул башталышы гана. Келечекте агенттик айлана-чөйрөнү коргоого байланыштуу жаңы долбоорлорду даярдап жатат.
Ерлан Бекхожин, «Хабар» Агенттиги» АК башкарма төрагасы:
- Экология бир эле бизди эмес, бүткүл дүйнөнү түйшөлткөн маанилүү маселе. Биз өзүбүздүн долбоорлор аркылуу экологиялык коопсуздукка салым кошуу менен Казакстан элинин экологиялык сабаттуулугун жогорулатууга аракет кылабыз. Ар бирибиз экологияга кам көрүшүбүз керек.
Майя Бекбаева, «Qazaq TV» каналынын мүдүрү:
- Күнүмдүк жашообузда көп нерселер, анын ичинде саркеч кийимдер жаныбарларды өлтүрүү аркылуу жасалаарын эстен чыгарбоо керек. Мисалы, ар кандай крем, помадалар жаныбарларга сыналат, ал эми тондор жана булгаары пальто жөнүндө сөз кылуунун кажети жок. Жаратылышты, жаныбарларды аярлай билүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков