Иш мамлекеттик шаар куруу кадастрынын санариптик базасын түзүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатканын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги белгиледи. Ал жыл сайын калктуу конуштардын курулган аймагындагы инженердик инфраструктуранын инвентаризациясы жөнүндө маалымат менен жаңыланып турат. Ошентип, 2022-жылдын көрсөткүчү боюнча инженердик тармактардын 70%га жакыны санариптештирилди.
Айта кетсек, бир жыл мурун бул көрсөткүч 63%ды түзгөн. Быйылкы жылы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен аймактардагы калктуу конуштардын 80 миң гектардан ашык курулган аймактарын инвентаризациялоо пландаштырылууда. Ошентип, 2023-жылдын аягына чейин инженердик тармактардын 88%ы санариптештирилет деп күтүлүүдө. Эске салсак, калктуу конуштардын инфраструктуралык маалыматтарын толук санариптештирүү 2024-жылдын аягына белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков