Казакстанда мыйзамсыз активдердин эсебинен социалдык долбоорлор жүзөгө ашырылууда

Казакстанда мыйзамсыз активдердин эсебинен социалдык долбоорлор жүзөгө ашырылууда

Казакстанда мыйзамсыз активдердин эсебинен билим берүүнүн дагы бир заманбап очогу түзүлүүдө. Өкмөт Улытау облусунда 80 орундуу мектептин курулушуна 1,2 млрд теңге каражат бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Аталган курулушту баштоо 2025-жылдын I кварталына пландаштырылган. Долбоорду ишке ашыруу окуучулардын санын көбөйтүүгө жана заманбап билим берүүнүн талаптарына ылайык балдардын билим алуусу үчүн зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Эскерте кетсек, Казакстан Президентинин тапшырмасы менен «мыйзамсыз активдерди мамлекетке кайтаруу тууралуу» мыйзамына ылайык атайын мамлекеттик фонддун каражаттарынан аймактарда бир катар социалдык маанилүү демилгелер ишке ашырылууда. Бул катарда спорт комплексин, музыкалык мектепти, шыктуу балдар үчүн спорт борборун, таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн реабилитациялык борборду, өзгөчө муктаждыктары барлар үчүн машыгуу борборун, өзгөчө балдар үчүн атайын балдар бакчасын, мектептерди, ооруканаларды, жатаканаларды куруу сыяктуу долбоорлор бар. Мындай иштер улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков