Ата-бабалардын изи менен байыркы конуштарга саякат. Сарыаркада жайгашкан 1250 жылдык тарыхы бар байыркы Бозок шаарынан атчан активдүү топ экспедицияга жөнөп кетти. Аттарын баптап, тулпарын такымга баскан он беш азамат биздин заманга чейинки 5-4-кылымдарга таандык Ботай конушун көздөй бет алды. Максаты доорлорду байланыштырган Улуу Жибек жолун жандандыруу, нукура маданиятты, улуттук каада-салтты даңазалоо.
Дидар Оралбекович, экспедициянын мүчөсү:
- Ар бир аялдамада бир гана ат менен гана жүрбөстөн, азыркы жаштарга ошол жердин маданиятын жана тарыхын таанытуу. Биздин негизги максатыбыз - кечээки баатырлардын изин жандандыруу, ат минүү маданиятын жайылтуу жана мамлекеттик символдорубуздун 30 жылдыгын белгилөө. Ошондой эле атактуу археолог Виктор Зайберттин эмгектерине арналат.
Сапардын жүрүшүндө атчандар Акмола жана сол Түштүк Казакстан облустарынын ыйык жерлерине барышат. Жолдо алар Домбыралы дарыясы, Имантау, Абылайхан көрүстөнү, Агынтай-Карасай баатыр комплекси сыяктуу бир катар жерлерге зыярат кылышат.
Женис Ермуканов, кабарчы:
- Тарыхый жерлерге ат менен чыгуунун да мааниси бар. Акыркы чекит – дүйнөгө белгилүү Ботай конушу. Бул куттуу жерде жапайы жылкыны дүйнө жүзүндө биринчи жолу колго багып үйрөтүшкөн. Муну дүйнөлүк коомчулук да кабыл алды. Башкача айтканда, Улуу Талаа – ат минүү маданиятынын булагы. Камбар атанын тукуму, ат минүү казактар үчүн ар дайым жети ыйык байлыктын бири болгон.
Бир жуманын ичинде тамыры терең тарыхый-маданий жайларды зыярат кылуу пландалууда. Экспедиция мүчөлөрү күнүнө 60-70 чакырым жол жүрүшүп, баш-аягы 450 чакырымды басып өтүүнү көздөп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков