Улуттук банктын төрагасынын колу жана банкнотторду жасалмалоо үчүн жоопкерчилик белгиси. Казакстан теңгесинин дизайнына кошумча элементтер киргизилиши мүмкүн. Учурда тиешелүү түзөтүүлөр коомдук талкууга чыгарылды. Өлкөнүн каржы-насыялык жөнгө салуучу органынын маалыматында, бул жаңычылдыктар чыгарылган банкноттордун керектөөчүлөрдүн алдында аныктыгын кепилдөө функциясын күчөтүү максатында киргизилүүдө. Бул тажрыйба бир катар өлкөлөрдө, атап айтканда, Европа Биримдигинде, ошондой эле Англияда, АКШда жана Сингапурда колдонулат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков