Алматы облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Алматы облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Жалпы наркы 5,4 триллион теңгени түзгөн 562 долбоор. Бул - Алматы облусунун 2025-жылга чейинки калыптанган инвестициялык портфели. Натыйжада, инвестициялардын үлүшү 30 пайызга жогорулайт. Бүгүнкү күндө пландын жарымынан ашыгы орундалды. Аймак башчысы Амандык Баталов атайын брифинг учурунда облустун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү боюнча маалымат берди. Анын айтымында, жыл аягына чейин облустун экономикасына 800 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартуу көздөлгөн. Учурда анын 1,6 пайыз өсүү менен 127 миллиард теңге инвестицияланган. Жыл аягына чейин өндүрүштүн көлөмү да артып, 1,2 триллион теңгеге жектирүү көздөлгөн. Чийки зат эмес экспорттун көлөмү 6 пайызга чейин жогорулайт.

Амандык Баталов, Алматы облусунун акими:

- Жыл башынан бери 4 айдын ичинде облуста бардык негизги багыттар боюнча өсүш камсыз кылынды. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 15,3%га, курулуш 4,2%га, соода 3,7%га, айыл чарба 0,5%га өстү. Мамлекеттик бюджетке 220 миллиард теңге өлчөмүндө киреше түштү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсе көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков