AI мамлекеттик кызматта

AI мамлекеттик кызматта

Жасалма интеллект мамлекеттик каржыны башкарууда маанилүү куралга айланууда. Казакстанда AI-технологиялар мамлекеттик сатып алуулар жана бюджеттик мониторинг системасына активдүү түрдө киргизилип жатат. Натыйжада – бул процесстин мөөнөтү кыскарат, адамдык фактор толугу менен алынып, ачыктык артат. Өлкөнүн каржы министрлиги, сынактык жол-жоболор эми автоматтык түрдө рейтингдик-баллдык системаны пайдалануу аркылуу жүргүзүлөрүн айтат. Башкача айтканда, комиссия түзүлбөйт, ал эми жеңүүчү так критерийлердин негизинде AI жардамы менен аныкталат. Мындай чечим бюджетке 780 млрд теңгеден ашык каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди. Мындан тышкары, нейрондук тармактардын мүмкүнчүлүктөрү киргизилген онлайн-мониторинг системасы билим берүүдө 300 млрд теңгеден ашык суммага тобокелдүү төлөмдөрдү аныктады. Эми ал саламаттыкты сактоо, маданият, туризм жана спорт сыяктуу башка дагы тармактарды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков