Нур-Султан жаңы жылга карата кандай кооздолду?

Нур-Султан жаңы жылга карата кандай кооздолду?

Өлкөнүн борбору – Нур-Султан шаары жаңы жылдык түстөргө боёлду. Шаардын кайсы гана жерине барбаңыз, ал жерде жылтылдаган балатылар, жомоктогудай өлкөгө алып баруучу түрдүү атрибуттар бар. Эми борбор калаанын сейил бактарында жөн эле сейилдебестен, Аяз ата менен Аяз кыздын чоң айкелдеринин жанында эсте каларлык сүрөткө түшүүгө да болот. Ар бир жасалгаланган жер жеткиликтүүлүк принцибине негизделген, дешет жергиликтүү урбанисттер. Башкача айтканда, шаардын ар бир районунда кышкы жомок сүйүүчүлөр үчүн өзүнчө жагымдуу жайлар бар.

Елнар Базыкен, Нур-Султан шаары урбанистика борборунун жетекчиси:

- Сарыарка районунун аянты кооздолду. Demalys Promenade кышында да ишке киргизилди. Сыртта муз аянтчасы болот, ламинат түрүндө жарык коюлат, албетте балатылар жана жаңы жылдык араба болот. Борбордук жээкке келсек, анда атайын муздан курулган шаар жасадык.

Борбор калаанын эң кичинекей тургундары үчүн атайын Алматы районунда «Зверополис» деген темада кышкы долбоор ачылат. Популярдуу мультфильмдеги каармандар кичинекей аппараттар түрүндө жасалган. Ошондой эле, кышкы майрамдын дагы бир өзгөчө атрибуту - коньки тебүү. Аларды Нур-Султандын каалаган паркынан табууга болот.

Елнар Базыкен, Нур-Султан шаары урбанистика борборунун жетекчиси:

- Айрыкча, Есиль районунда «Керуен сити» жана «Думан» оюн-зоок борборлорунун жанында жайгашкан коньки тебүүчү жайлар бар. Алар жергиликтүү калктын арасында абдан популярдуу. Мындан тышкары, «Керуен» оюн-зоок борборунун жанына жыгачтан жылгаяк аянты курулуп, анда тургундар кышкы эс алуусун өткөрүшөт. Бул жерлер азыркы учурда иштеп жатат.

Ал эми коньки тебүүнү жакшы көргөн шаар тургундары үчүн өзгөчө сюрприз ойлонуштурлган. Жылгаяк жайлардан тышкары борбордук паркта жаңы муз аянтчасы курулуп жатат. Анын өзгөчөлүгү жарык орнотулган бактардын ортосунда жайгашкандыгында. Ошондой эле, муз аянтчасынын жанында коньки тебүүчү аятнча болот. Ал жерден коньки тебүүчүлөр күйүп-жанып турган жарыктардын арасынан өтүшөт. Белгилей кетсек, бул жаңы жылдык маанайдын көпчүлүгү борбор калаадагы демөөрчүлөр тарабынан каржыланган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков