Казакстандын канализация тармактарын жаңылоого эл аралык каржы уюмдары тартылат. 400 миллиард теңгеден ашык каражат өлкөнүн 26 ири шаарында эскилиги жеткен саркынды сууларды тазалоочу жайларды курууга жумшалат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Өскенбаев билдирди. Анын айтымында, 2028-жылга чейин долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашыруу пландалууда. Бул үчүн атайын жол картасы бекитилген. Максатка ылайык, Азиянын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 15 жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кепилдик менен насыя берүүгө кызыкдар экенин билдирди. Аны тариф менен республикалык жана жергиликтүү бюджет субсидиялары эсебинен кайтарып берүү мерчемделген.
Кайырбек Өскенбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
- Канализациялык суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоорлорун тандоо методологиясы бекитилди. Табигый монополиялардын чыгымдарын субсидиялоо принциптерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыктын долбоору иштелип чыкты. Ушул жылдын тогуздун айында ченемдик укуктук актынын долбоору республикалык бюджеттик комиссия тарабынан жактырылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын бештин айынын 9да эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу боюнча жумушчу топтун жыйынында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын беш долбоорун колдоо үчүн техникалык эсептин каражаттарын бөлүштүрүү каралган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков