Улуу Жеңишке 80 жыл: өткөндүн беймаалым барактары

Улуу Жеңишке 80 жыл: өткөндүн беймаалым барактары

Казакстанда согушта курман болгон баатырлар тууралуу 56 томдук изилдөө китеби чоң тираж менен басылып чыкты. Фронттогу аскерлер тууралуу маалымат чогултууга дээрлик 30 жыл убакыт кетти. Китепке катаал согушка катышкан казакстандыктардын уникалдуу жеке маалыматтары киргизилген. Бул согуш майданынан кайтпаган туугандары тууралуу маалымат табууга мүмкүндүк берет. Авторлордун айтымында, маалымат топтоо учурунда 13 миңден ашуун казакстандык согушкерлер тууралуу так маалымат табылган.


Бактыкожа Измухамбетов, «Ардагерлер уюму» АКБ борбордук кеңешинин төрагасы:


- Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай бизге маданият жана маалымат министрлиги жардам берди. Китеп чоң тираж менен басылып чыкты. Биз аларды бардык китепканаларга таратабыз. Натыйжада, бүткүл Казакстан, биринчи кезекте жаштар, буга чейин КМШ, Орусия жана башка мамлекеттерде болбогон жаңы маалыматтарга жете алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков