Алматыда шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Алматыда шахмат боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө

Алматыда шахматтын блиц жана рапид түрү боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. Ири мелдешке 50 өлкөдөн 300гө жакын шахматчылар чогулду. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча тайпанын сап башында норвегиялык Магнус Карлсен, орусиялык Владимир Федосеев, нидерланддык Йорден ван Форест жана индиялык Арджун Эригайсилер алдыга озуп чыгышты. Алар 5 турдун жыйынтыгында 4,5 упайга ээ болушту. Чемпионаттын эң белгилүү катышуучуларынын бири, дүйнө чемпиону Магнус Карлсен атайын брифингде күйөрмандар менен уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Магнус Карлсен, Гроссмейстер:

- Мен муну алматылыктардын "Казакстанга кош келдиңиз" деген сыпайылыгы катары кабыл алдым. Бул мен үчүн абдан жагымдуу жана күтүүсүз болду. Сиздерге шоу көрсөтөм деп үмүттөнөм. Абдан катуу даярдык болду деп айта албайм, жалпысынан менин бардык убактым шахмат оюнуна ыңгайлаштырылган. Мен аны менен жашайм. Эч качан оюмдан кетпейт, бул жолу жолум болот деп ишенем.

Белгилей кетсек, эл аралык мелдеш баш-аягы 13 турдан турат. Баш байге үчүн ат салышкандардын арасында казакстандык Жансая Абдималик менен Бибисара Асаубаева да бар. Акыл таймашынын сынагы бештин айынын 30на чейин уланат. Ал эми анын жалпы байге фонду 1 миллион АКШ долларын түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков