Казакстанда ички аба байланыш өнүктүрүлүүдө. Учурда өлкөдө учактар 23 багытка каттайт. Ошентип, алыскы аймактарды бириктирип каттамдардын географиясын кеңейтүү мерчемделип жатат. Жакында Алматы-Тараз авиарейси ачылды. Быйылкы жылы эле аба каттамдарын түзүүгө беш миллиард теңге бөлүнгөн. Каражат республикалык бюджеттен жана Улуттук фонддон алынат. Белгилей кетсек, айрым аймактар аралык авиакаттамдар мамлекет тарабынан субсидияланып, авиабилеттер бир топ арзан болмокчу. Авиакомпаниялар аталган каттамдар казакстандыктар арасында популярдуу экенин айтышууда. Андыктан тургундар да мындай учактарды жыл бою ишке ашырууну суранышат.
Руслан Шаяхин, Жарандык авиация комитетинин башкы серепчиси:
- Алматы-Уржар, Нур-Султан-Уржар сыяктуу туристтик авиа багыттар бар. Бул аралыкта учактар бугу айынан тогуздун айына чейин 6 ай гана учат. Учактар токтогон кезде, адамдар аларды кайра ишке кошууну суранышат. Бирок туристтердин агымы азайгандан кийин бортту толтуруу да кыйын. Мындай каттамдардын жыл бою ачылуусу бюджетке оорчулук туудурат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков