Костанай облусунда референдумга активдүү
даярдыктар көрүлүүдө. Облуста добуш берүү күнү 717 участоктору ачылат. Ден
соолугуна байланыштуу, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттардын
тургундары үчүн жашаган жеринде, үйдө да добуш берүү каралган. Ал эми добуш
берүү күнү башка калктуу пунктта жүргөндөр добуш берүүдөн баш тартуу талонун ала
алышат. Бул учурларда каалоочулар участкалык комиссияга жазуу жүзүндө арыз
беришет. Ал эми жалган куран айынын 15де алар добуш берүүдөн баш
тартуу талонун иш жүзүндө жүргөн жериндеги участокто көрсөтүп, ошол жерден
добуш бере алышат.
Александр Малашко, Костанай облустук шайлоо
комиссиясынын төрагасы:
– Ар бир жаран өзү катталган
референдум участкасына келип, добуш берүүгө укугу бар жарандардын тизмесинде
бар экендигин текшере алат. Мындан тышкары, «Сайлау Костанай.kz» сайтына кирип,
өзүнүн ЖИНин терсе, анын шайлоо участкасы жана анын жайгашкан жери автоматтык
түрдө чыгат.
Батыш Казакстан облусунун дээрлик 450 миң тургуну жаңы
Конституция боюнча алдыдагы референдумга катышууга укуктуу. Бул тууралуу
Референдум боюнча борбордук комиссиядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аймакта
добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн 500дөн ашык участкалык комиссия иштейт. Мындан
тышкары, жалган куран айынын 11де облус тургундары үчүн «Ачык эшиктер күнү»
өткөрүлүп, анда алар өз укуктары жөнүндө билип, добуш берүү тартиби боюнча
суроолорун бере алышат. Маалымат тез жетүүсү үчүн 14 call-борбор жана атайын
Telegram-бот ишке киргизилди. Коопсуздукка жана коомдук тартипке өзгөчө көңүл
бурулууда. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар каралган.
Шавхат Өтөмисов, Казакстан Республикасынын Борбордук
референдум комиссиясынын катчысы:
– Даярдык жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү өз отчетторун беришти. Азыр ошондой эле участкалык комиссиялардын мүчөлөрүн референдумду өткөрүүгө окутуу жана даярдоо жүргүзүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

