Казакстанда транспорт ташуу сектору өнүгүүдө

Казакстанда транспорт ташуу сектору өнүгүүдө

Казакстанда транспорт ташуу секторунда биринчи жарым жылдыкта эле 23%га жакын өсүш байкалды. Статистикага таянсак, тармактын бардык багыттары боюнча жана өлкөнүн бардык аймактарында туруктуу өсүү көрсөтүлгөн. Автоунаа транспорту, куур жана темир жол тармактары да өз салымдарын кошту. Бул учурда жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү 928 миллион адамга жетти, ал эми жүк ташуу 550 миллион тоннадан ашты. Акыркы беш жылда транзиттин жалпы көлөмү 50%га, ал эми Транскаспий багыты боюнча алты эсеге өстү. Бир гана өткөн жылы Кытайдан Европага жеткирүү көлөмү 62%га артып, жүк көлөмү 4,5 миллион тоннага жетти. Азыр Президенттин тапшырмасы боюнча Кытай менен чек арада жүк өткөрүү иштерин жакшыртуу боюнча масштабдуу иш жүргүзүлүүдө.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Быйыл биз Достук-Мойынты темир жол тармагынын экинчи тармагын, Алматынын тегерегиндеги айланма жол иштерин бүтүрөбүз. Келерки жылы Дарбаза-Мактаралды андан ары өнүктүрөбүз. Мойынты-Кызылжар, Бакты-Аягөз - мунун баары бизге келечекте жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 10 миллион тоннага чейин арттырууга мүмкүндүк берет. Бул өтө масштабдуу жумуш, ал чоң инвестицияларды талап кылат, бирок биз ага мүмкүнчүлүк беребиз, себеби, атаандаштык артыкчылыгыбызды колдон чыгарбашыбыз керек экенин түшүнөбүз.

Санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. TEZ Customs платформасындагы Санариптик соода коридору транзиттик декларацияларды жол-жоболоштуруу убактысын үч сааттан 30 мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк берди, бул жүктөрдүн өтүү ылдамдыгын жана натыйжалуулугун арттырды. Порттун инфраструктурасы да өнүгүүдө. Үстүбүздөгү жылдын кулжа айында Актау портунда Транскаспий багытынын негизги түйүнү - контейнердик хаб өз ишин баштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков