Эл аралык ишкерлик операциялардан өлкө казынасына түшүүчү кирешелер көбөйөт. Мажилис буга байланыштуу трансферттик баа белгилөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Документ рыноктук бааны аныктоо ыкмасынын 5 иерархиясын колдонууну жакшыртууга багытталган. Мисалы, салык төлөөчү анын бирин тандап, башкаларын колдонуу мүмкүн эместиги тууралуу себептерин даярдашы керек. Ошондой эле, болушунча адилеттүү бааларды белгилөө максатында рыноктук диапазонду кыскартуу сунушталып жатат. Мындан тышкары, өлкөдөн капиталды чыгарууга көзөмөл чараларын күчөтүү көздөлгөн. Ал үчүн тиешелүү тараптардын өз ара байланышын айкындоону кеңейтүү каралган. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан колдоого алынган. Мында эл аралык мамилелердин сыпаты жана өлкөнүн экономикалык өзгөчөлүктөрү болушунча эске алынган.
Ерулан Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, Каржы министри:
- Мыйзам долбоорунда товардык биржаларда жүргүзүлгөн операцияларга трансферттик баа түзүүнү көзөмөлдөө сунушталууда. Учурда өлкөнүн товардык биржаларында жүргүзүлгөн операциялар боюнча трансферттик баа түзүүгө көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мындай бүтүмдөр көбүнчө базар баасынан төмөн баада жасала турганы белгилүү. Бул өлкөдөн капиталды чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Ошондуктан мыйзамдын жогорудагы нормасын алып салуу сунушталууда.
Которгон Илгиз Жамалбеков