Соцтармактын жыйынтыгы: казакстандыктардын 66% жылды оптимизм менен аяктайт

Соцтармактын жыйынтыгы: казакстандыктардын 66% жылды оптимизм менен аяктайт

Казакстандыктардын келечекке карата көз карашы жакшы, эл өлкөнүн эртеңине ишенет. Жарандардын 66%дан ашыгы 2024-жылды жакшы маанайда аяктап жатканын айтышат. Бул Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институту жарыялаган социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгы. Серепчилер өлкөнүн бардык аймактарынан 8 миң адамдан жыйналган жоопторду талдап чыгышты. Ошентип, респонденттер Казакстандын Президентинин ишин, өлкөнүн стратегиялык багытын колдой тургандыгы аныкталды. Көпчүлүгү өз өлкөсүн бирдиктүү улут катары кабыл алышат. Негизги бириктирүүчү фактор – паспорт деп билет. Бул сурамжылоого катышкандардын 46% пикири. Андан кийин, ата-бабалардын тарыхы, жалпы тил бириктирет деп белгиленген. Ошондой эле, үй-бүлө негизги баалуулук деп таанылган. Кийинки кезекте жумуш жана достор турат. Жаштар эс алууну маанилүү артыкчылык катары белгилешти. Талдоочулар мунун баары коомдун өнүгүшүнө жана чыңдалышына негиз болот деп эсептешет.

Салтанат Ермаханова, КСИИ бөлүм башчысы:


- Негизинен позитивдүү маанай жаштарга мүнөздүү деп айта алам. Бул негизинен, жылдын жакшы өтүүсүнө, кийинки  жылдын жакшы болоруна ишеним. Бул эң алды менен элдин жыргалчылыгына байланыштуу. Анын жумушунун бар болгону, ден-соолугунун мыкты болуусуна байланыштуу. Ушул сыяктуу маалыматтар канчалык көп болгон сайын, оптимисттик маанай дагы ошончолук жакшы болот деп айтууга болот. Жалпысынан казакстандыктардын маанайы жакшы, бул жыл өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө карата негизинен ийгиликтүү өткөнүн кийинки  жылга да үмүтү чоң экендигин айтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков