Нооруз майрамынын алдында Түркестан облусунда көчөт отургузуу өнөктүгү башталды. Аймакта быйыл 1,2 миллион түп көчөт отургузуу мерчемделген. Анын 631 миңи ушул жаз мезгилинде отургузулат. Жашылдандырууга айыл жаштары, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен тышкары, пенсионерлер да катышууда. Мисалы, Казыгурт районунун Атбулак айылында дарак отургузуп жүргөн жандар ушул элеттин 1960-жылкылары болуп саналат. Бүгүнкү күндө алтымыштан ашкан классташтар жаздагы демилгени колго алышкан.
Бауыржан Ибрагимов, Казакстандын эмгек сиңирген артисти:
- Жалпысынан, азыр 60-жылкылардан баштап 2000-жылкыларга чейин өздөрүнүн бөлүп-бөлүп алган объектилери бар, ошол жерге отургузабыз. Колуна күрөк кармаган, ден соолугу бекем жарандардын бардыгы ушул жерде жүрөт. Баардыгына терең ыраазычылык! Мунун баары эртең өсүп келе жаткан жаштарга үлгү! Эгерде биз өз өлкөбүздү, өз айылыбызды өзүбүз көрктөндүрбөсөк, бизге эч ким келип бак-дарак тигип, гүл отургузуп бербейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

