«Инвестициялардын ордуна тариф». Жаңы саясатка өтүү зарылдыгын мамлекет башчы өз кайрылуусунда түшүндүрдү. Болбосо жылуулукка жана электр энергиясына болгон бааны жасалма жол менен кармоо электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына жана аварияларга алып келиши мүмкүн. Өз кезегинде жаңы тарифтик саясат монополиялардын кирешесин чектөө жана инфраструктурага инвестицияны камсыздоо зарылчылыгынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыздайт. Мындай ыкманы Казакстандагы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да колдошот. Алардын республикадагы көптөгөн долбоорлору турак-жай-коммуналдык чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Нариман Маннапбеков, Азия өнүктүрүү банкынын Казакстандагы кеңсесинин башчысы
- Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда республикадагы жылуулук коммуникацияларынын 57% эскиргендигин, ошондой эле жаңы тарифтик саясат керектигин белгиледи. Биринчи кезекте инфраструктурага, анын ичинде жеке менчикке инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзө турган жана иштеп жаткан ченемдик-укуктук базаны оңдоо зарыл. Чечүүчү факторлордун бири болуп кайчылаш субсидиялоону акырындык менен жоюу саналат. Тарифтерди көтөрүү менен бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес. Табигый монополиялардын субъекттери катары жылуулук менен жабдуучу уюмдар үчүн колдонулуп жаткан тарифтик жөнгө салуу, тилекке каршы, алардын туруктуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербейт.
Ошентип, талдоочулардын пикири боюнча, республикада тарифтердин рыноктук баасы тармактардын жана кубаттуулуктардын эскиришин азайтуу максатын ишке ашырууга жардам берет.
Нариман Маннапбеков, Азия өнүктүрүү банкынын Казакстандагы кеңсесинин башчысы
- 2020-жылдан бери Энергетика министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын жардамы аркылуу жылуулук менен камсыздоо боюнча жаңы мыйзамды жана ага байланыштуу бир катар актыларды иштеп чыгууда. Анда секторду башкаруунун жаңы моделин киргизүү каралган. Тармак үчүн жоопкерчилик так бөлүштүрүлүп, атайын иштелип чыккан тарифтик методология ишканаларга экономикалык жактан негизделген чыгымдарын кайтарып алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул жоготууларды кыскартууга, буу казандардын жана ЖЭБдердин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга алып келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков