Тажик дарыгерлери алгачкы медициналык-санитардык жардамды реформалоону ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча, Казакстандын тажрыйбасын үйрөнүүгө ниеттенүүдө. Атап айтканда, медициналык жана социалдык кызматтарды интеграциялоо, үй-бүлөлүк медицинаны өнүктүрүү, медициналык мекемелер менен калктын байланышын жакшыртуу боюнча квалификациялар. Тажикстандан келген дарыгерлер Алматы областындагы Емгекши-казак райондор аралык көп тармактуу ооруканасында иштер менен таанышты. Дал ушул клиниканын базасында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алгачкы медициналык жардам көрсөтүү платформасы түзүлгөн. Анда дарыгер, медайым, социалдык кызматкер жана психологдон турган көп команда иштейт. Бир катар семинарларды жана практикалык сессияларды өткөрүү, эки өлкөнүн медициналык жана санитардык адистеринин ортосунда сапаттуу байланыш түзүү пландалууда.
Бунафша Джонова, «Үй-бүлөлүк медицина окуу-клиникалык борбору» кафедрасынын башчысы: /Тажикстан/
Тажикстанда калктын 73 пайызы айыл жеринде жашайт. Ошондуктан бул жагын карашыбыз керек. Биз биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча сиздердин өлкөнүн тажрыйбасынын эффективдүү аспектилерин киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Албетте, медициналык кызмат элге жеткиликтүү болушу керек.
Мелитта Якаб, ДСУнун Европа борборунун кеңсесинин башчысы:
Быйыл үч мамлекет келди. Ал эми жакынкы 2-3 жылда дагы 10-12 мамлекет биздин программадан өтөт деп күтүп жатабыз. Казакстан КМШдагы социалдык кызматкерлер менен психологдор биринчи жардам көрсөтүү тобуна бириктирилген жалгыз өлкө. Көйгөйлөрдү бир гана диагностика же антибиотиктер менен чечүү мүмкүн эмес. Келип чыккан көйгөйлөрдү комплекстүү түрдө карашыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков