Казакстанда «кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик кадастры» түзүлдү

Казакстанда «кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик кадастры» түзүлдү

База Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги жана Юстиция министрлиги тарабынан биргеликте түзүлдү. Жаңы маалыматтык системанын аркасында жер тилкелерин өткөрүп берүү долбоору онлайн соода аркылуу ишке ашырылат. Процесстин өзү «Электрондук өкмөт» порталын, кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү мамлекеттик кадастрын, аймактык геомаалыматтык тутумун жана Каржы министрлигинин электрондук соода аянтчасын интеграциялоо жолу менен ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө маалыматтарды берүүнүн экинчи этабы жүрүп жатат. Бирдиктүү мамлекеттик кадастр киргизилгенден кийин жер участогуна укуктарды каттоо жол-жоболору ачык-айкын болуп, тейлөө системасы толугу менен автоматташтырылат. Системанын негизги өзгөчөлүгү - кошумча документтерди көрсөтүү талап кылынбайт. Мамлекеттик акт менен техникалык паспорт да бириктирилет. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, иштетилген жер тилкелеринин идентификациялык мүнөздөмөлөрү боюнча документтердин саны 6 миллионго жакын маалыматты камтыйт.

Айнур Юсупова, мамлекеттик көрсөтүлгөн кызматтар комитети төрагасынын орун басары:

- Маселен, мурда комиссия бир  ирет же бир кварталда бир жолу чогулуп турса, бул жерде келип түшкөн ар бир арыз эске алынат. Анын убактысы болот. Ага  ылайык, эгерде жер бир жылдан ашык каралса, эми сиздин арызыңыз ушул тенденциялардан улам 30 күнгө чейин кыскарат. Бул сиз аны көзөмөлдөй аласыз дегенди билдирет. Эгер сиз баш тартсаңыз, тагырагы  сиз аны менен макул болбосоңуз, Е тиркеме аркылуу өзүңүзгө суроо-талаптарды жөнөтүп, түшүндүрмө ала аласыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков