Казакстанда судьялар эми жасалма интеллекттин жардамы менен тандалат. Жаңы маалыматтык системанын аркасында талапкерлер сынактын бардык этаптарынан онлайн түрүндө өтө алышат. Бул процесстин ыкчамдыгын жана ачыктыгын арттырат. Заманбап система менен тандоо убактысы эки эсе кыскарып, мурдагыдай эки эмес, бир айдын ичинде жүргүзүлөт. Талапкерлер бардык керектүү документтерди жана квалификациялык экзамендерди электрондук жеке кабинети аркылуу тапшырып, жыйынтыгын өлкөнүн каалаган жеринен аралыктан байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Белгилей кетсек, заманбап санариптик инфраструктура Жогорку Сот Кеңешине киргизилүүдө. Системада талапкерлердин бардык маалыматтары сакталат. Башкача айтканда, сынакка кайра катышкан учурда документтерди кайра чогултуунун кереги болбойт. Ошондой эле, система Жогорку Сот Кеңешинин алдындагы Сот адилеттиги академиясына кызматкерлерди тандоо үчүн да пайдаланылмакчы. Ошентип, тармактын бирдиктүү санариптик экосистемасы калыптанат.
Евгений Недельский, Жогорку сот кеңешинин аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары:
- Автоматташтыруу жана AI чечимдерин колдонуунун аркасында адамдык факторду толугу менен жок кылабыз. Заманбап система талапкердин кесиптик сапаттары менен катар, анын туугандык байланыштарын жана ар кандай жагымсыз жагдайларга катыштыгын толук текшерип чыгат. Бул тандоону ачык жана тез өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Ар бир талапкер бардык кадамды онлайн байкай алат. Демек, бул санариптик инфраструктураны өнүктүрүү - Мамлекет башчысы жүктөгөн максаттарга толугу менен ылайык келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

