Бүгүнкү күндө Казакстанда 57 согуштун ардагери жашайт. Алардын төртөө Костанай облусунда. Жеңиш күнүнө карата баатырлардын рухуна таазим этүү аземи өттү. Эрдик менен салгылашкан, тылда аянбай эмгектенген жоокерлердин ысымы дагы бир ирет даңазаланды. Мекен үчүн отко учкан кайраттуу жандардын ысымы эл эсинде, эрдиктери урпакка үлгү. Белгилей кетсек, катаал согуш жылдары Костанай аймагынан майдан талаасына 75 миңден ашуун жоокер аттанган.
Михаил
Подоляков, согуштун ардагери:
– Майдангерди унутпай көрсөткөн урмат үчүн рахмат.
Мен бүгүнкү муундун жакшы иштерине абдан ыраазымын.
Кумар Аксакалов, Костанай
облусунун акими:
– Өлкөбүздүн, облус тургундарынын ошол жылдары
жасаган иштериңиз үчүн ыраазычылыгыбыз чексиз.
Чыгыш Казакстан облусунда алты ардагер жашайт. Ардагерлер жана тылда
иштегендер үчүн концерттер, жеке параддар жана жаштар менен жолугушуулар
өткөрүлөт. Кантсе да, алар тарыхтын тирүү күбөлөрү. Өмүрү чыныгы эрдиктин жана
туруктуулуктун сабагына айлангандардын бири - Александра Саратовцева. Азыр ал
101 жашта. Ал 19 жашында фронтко өз ыктыяры менен аттанып, инженердик аскерлер
сабына кошулган. Жааган октун астында жүрүп өткөөлдөр менен чептерди курган,
жарадарларга жардам берип, талаада тынымсыз иштеген.
Александра Саратовцева, согуштун ардагери:
- Биз ар кандай курулуш объектилерин, аскер өтүүчү чоң көпүрөлөрдү курдук.
Керек болгондо кийим да жууп, тамак да жасап, жумуш тандабай эмгектендик.
Ошондой эле бул аймакта жүздөгөн тылдын эмгекчилери жашайт. Согуш маалында Иван
Гагарин чоңдор менен бирге иштеген. Улуттук гвардиянын жоокерлери ага концерт
уюштурушту.
Иван Гагарин, тылдын ардагери:
– Согуш учурунда баары
аябай иштешти. Ошол кездеги бригадалар балдардан куралчу. Биз талаада
эмгектендик, мал бактык, музоо кайтарып, чөп чаптык, колхозубуздун
плантацияларда эгин өстүрчү.
Белгилей кетсек, Казакстан ардагерлерди каржылык жактан колдоо жагынан
коңшу өлкөлөрдө алдыңкы орунда турат. Бул жылы ар бир ардагер жашаган аймагына
карабастан 5 миллион теңге алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

