Иш Алматыдагы реставрация жана консервация борборунда жүргүзүлөт. Бул заманбап атайын жабдуулар менен жабдылган лаборатория. Борбор химиялык лаборатория, таңгактоо жана карантин, ошондой эле илимий-изилдөө жана фото реставрация сыяктуу 5 сектордон турат. Жабдуу эл аралык талаптарга ылайык китептерди, гезиттерди, журналдарды, архивдик документтерди жана башка баалуу тарыхый булактарды кагаз түрүндө сактоонун бардык зарыл процедураларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Саясат Нурбек, илим, жана жогорку билим берүү министри:
- Тилекке каршы, бизде Казакстанда абдан чоң көйгөй бар – көптөгөн кол жазмалар борборлоштурулган эмес, алар үй-бүлөдө жекече сакталат. Ар кимдин чоң ата, чоң энесинен калган китептери бар. Биз анын эмне экенин түшүнбөсөк да көзүбүздүн карегиндей сактайбыз. Убакыттын өтүшү менен бул китептер эскирип, бузула баштайт. Ошондуктан Казакстанда бул жерде алгачкы жолу толук циклдүү калыбына келтирүүчү лабораториясы түзүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков