Казакстандык спортчулар тууралуу китеп жарык көрдү

Астанада белгилүү казакстандык спортчулар тууралуу китептин бет ачары болду. Окурманга тартууланган жыйнакта түрдүү мелдештерде өлкөнүн желегин желбиретип, гимнди жаңырткан спортчулардын жеңиш жолунун тарыхы баяндалат. Китепте жалпысынан 17 ата мекендик олимпиада чемпионунун өрнөктүү өмүр жолу, кыялы, эмгеги жана жылуу эскерүүлөрү жазылган. Жанар Өтешеванын жаш муундун аң-сезиминде мекенчилдик сезимин ойготуу менен катар, бүткүл дүйнөнү суктанткан таланттуу казакстандыктардын жолун жолдоп жеңишке жетүүсүнө болгон ынтаасын ойготкон идеясына 10 жылдын жүзү болду. Китептин чыгышына жазуучу Үнзила Миңбай чоң салым кошту. Бул анын жазуучу катары алгачкы эмгеги.

Жанар Өтешева, Долбоор жетекчиси, идеянын автору:

- Китептин автору Үнзила Миңбай. Мен болсо бул долбоордун жетекчисимин. Биздин долбоорго катышкан спортчуларга терең ыраазычылык билдирем. Жыйнак спортчулардын түздөн-түз катышуусу менен жазылды. Алардын ар бири көпчүлүк билбеген кызыктуу окуялары менен бөлүштү. Ошондуктан китеп окурманга кызыктуу болот деп ишенем. Эки окуяны жазууга алардын апалары жардам берди. Тилекке каршы, башкы каармандар эрте каза болуп калышты. Анда биздин атактуу спортчулар Денис Тен менен Бекзат Саттархановдун  жеңиш жолу жана тарыхы баяндалат.

Үнзила Миңбай, жазуучу:

- Каармандарыбыз кыялданган ар бир балага ийгиликке жетүүнүн оңой жолу болбостугун, умтулуу, талыкпас эмгектин аркасы менен гана максатка жетүүгө болорун түшүндүрүшөт. Балким бүгүн же эртең кыйын болот, бирок эч нерсеге багынбаган жанга сөзсүз жеңиш келерин билдирүүгө аракет кылды. Мен казакстандыктарды гана эмес, бүткүл дүйнөнү кызыктырган окуялар тууралуу жазганыма кубанычтамын. Алар бөлүшкөн окуяларды мен калың окурмандарга жеткирдим.

Калемгер китепти жазууга жарым жыл убакыт кеткенин айтат. Ар бир окуянын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бар, бир нече адамдардын жашоосун баяндайт. Бирок ар кимдин айта турган ою бар. Ал бала кыялына ийгиликтүү жетүүнүн жолу.

Юлия Галышева, Фристайл боюнча 2018-жылкы олимпиада оюндарынын байге ээси:

- Балдарга арналган бул китептин эки тилде чыга турганына кубанычтамын. Билишимче, спорт темасында балдарга багытталган алгачкы жыйнак. Анда спортчулар чемпиондукка жетүү жолунда кандай кыйынчылыктарга дуушар болоору, аларды кантип жеңүү керектиги жазылган. Жаштарды каалаган багытынан кайтпай, бир гана алдыга умтулууга үндөгүбүз келет.

«Чемпиондукка жетелеген кыял» аттуу китебинин бет ачарына белгилүү спортчулар, алардын машыктыруучулары жана ата-энелери, спорт сүйүүчүлөр катышты. Уюштуруучулар китептин атайын даярдалган мукабасы жана мазмуну жаш окурмандарды кызыктырат деген ишенимде. Жаңы жыйнак казак жана орус тилдеринде жарык көрдү.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков