Казакстан дүйнөлүк саякат жана туризмди өнүктүрүү индексинде 117 мамлекеттин ичинен 66-орунда турат. Өлкөбүздөгү конокторду өзгөчө улуттук парктар, курорттук аймактар жана маданий жайлар кызыктырат. Өзгөчө туристтер үчүн жаңы турлар жана маршруттар иштелип чыгууда. Алар көчмөндөрдүн нукура атмосферасын сезүүгө, казак элинин тарыхын үйрөнүүгө, маданиятка жана жашоого сүңгүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, быйылкы жылы коноктордун ыңгайлуулугу үчүн, Алматы облусунда үч визиттик борбор курулган.
Тлек Адильжанов, туристтик компаниянын жетекчисинин орун басары:
Туристтерди тартуу борбору, алардын тоодо болуу эрежелери, улуттук парктын флорасы жана фаунасы жөнүндө керектүү маалыматтарды ала турган жер. Өзүңүздөр байкагандай, зыяратчылар борбору курама конструкциялардан курулган жана оңой тургузулган. Анда капиталдык курулуштун элементтери колдонулбайт. Биздин милдет экологияны сактоону эске алуу менен зарыл инфраструктураны түзүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков