Бул тууралуу KazakhExport маалымдады. Ата мекендик өнүм учурда калктын саны боюнча Ташкенттен кийин экинчи орунда турган Наманганга киргизилди. Интеллектуалдык система ылдамдык режиминин сакталышын, жол чырактын тыюу салуу сигналына өтүшүн, жол тилкелерин белгилөө сызыктарын бузууну каттайт.Тагырак айтканда, жол кырсыктарын азайтуу жана айдоо маданиятын жогорулатуу максатында иштелип чыккан системага башка өлкөлөр да кызыгуучулук билдирип жатышат. Алдыдагы максат Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Жакынкы Чыгыштын жана Африканын рынокторуна чыгуу. Белгилей кетсек, учурда бул система Астана, Өскемен, Алматы, Атырау, Шымкент, Семей, Тараз жана Түркестан шаарларында жол кыймылын жөнгө салууга көмөктөшүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков