Жыл аягына чейин 214 айыл округ башчысы шайланат

Жыл аягына чейин 214 айыл округ башчысы шайланат

Казакстанда 27 айыл округунун башчыларын шайлоо өттү. Акмола, Актөбө, Алматы, Караганды, Кызылорда жана Батыш Казакстан облустарындагы калктуу конуштардын тургундары өз жетекчилерин өздөрү тандай алышты. Алардын ичинен Акмола облусунда 11 айылга шайлоо үчүн 38 талапкер ат салышты. Алардын 80 пайызы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Сергей Тищенко,  Айдабол айылынын тургуну:

- Бул шайлоо биз үчүн абдан маанилүү. Себеби, айылыбызга жетекчи шайлап жатабыз. Талапкерлерди жакшы билебиз. Каалаган адамды тандай алабыз. Ал эми жаңы жетекчинин алдында көптөгөн милдеттер турат. Жолдорду оңдоп, айылды көрктөндүрүүгө артыкчылык берүүгө тийиш.

Елена Мейер,   Айдабол айылынын тургуну:

- Быйыл айылдын башчысын өзүбүз шайлаганга мүмкүнчүлүк берилип жатат. Бул абдан жакшы башталыш. Ал эми эл тарабынан шайланган жетекчи элдин талабына жооп бериши керек. Эң негизгиси конуштагы ар кандай көйгөйлөрдү чечип, айылдын турмушун жакшыртууга аракет кылышы зарыл.

Жалпысынан, өткөн жылдын теке айынан бери республика боюнча 1000ден ашуун айыл округдарынын башчылары шайланган. Быйыл жыл аягына чейин дагы 214 айыл жетекчиси шайланат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков