Казакстанда «санариптик университет» ыкмасы киргизилет

Казакстанда «санариптик университет» ыкмасы киргизилет

Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул акылдуу технологиялардын жардамы менен билим берүү жараяндарын трансформациялаган алдыңкы технологияларды, онлайн платформаларды жана заманбап ыкмаларды кеңири колдонууга киргизүүнү көздөйт. Акыркысы студенттердин өздөрүнүн санарип профилдери болот дегенди билдирет. ЖОЖдордогу бардык процесстерди координациялоо үчүн санариптик офицерлер киргизилет. Ошондой эле технологияларга жана маалыматтарга минималдуу талаптардын тизмесин иштеп чыгуу пландалууда. Бул маалымат алмашуунун бирдиктүү форматын ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Келечекте Илим жана жогорку билим берүү министрлиги пилоттук режимде санариптик боло турган университетти тандайт. Кийинчерээк бул тажрыйба республика боюнча жогорку окуу жайларына кенири таратылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков