Таштандылардын коркунучу жогору

Алматыда мыйзамсыз таштанды жайлары көбөйүүдө. Мегаполистин экоактивисттери коңгуроо кагышууда. Муну космостон тартылган фотосүрөттөр далилдеп турат. Наурызбай районунун четиндеги бул откана алгач курулуш материалдарын алуу үчүн казылган. Кайра калыбына келтирилбеген чуңкур азыр таштанды таштоочу жайга айланган. Биз карап турган жарым саатта үч жүк ташуучу унаа курулуш таштандыларын төктү.

Салтанат Ташимова, «Алматыны коргойбуз» коомдук бирикмесинин төрайымы:

- Карьер менен үйлөрдүн аралыгы бир нече метрди түзөт. Ал эми талап боюнча миң метр болушу керек. Тургундардын арыздары облуска жөнөтүлүп, эч кандай чара көрүлбөй келет. Ошондуктан Экология министрлиги бул маселеге көңүл бурат деп ишенебиз.

Шаарда мындай тиричилик жана курулуш таштандылары үйүлгөн жерлер бирөө эмес, бир нече. Космостук мониторинг кызматы аркылуу бир гана Медеу районунда 9 мыйзамсыз полигону аныкталды.

Мирас Байсейитов, «КазЭкология» республикалык илимий-өндүрүштүк борбору башкы мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:

- Таштандыларды кайра иштетебиз деп, таштандыларды алышат. Анын ичинде тыюу салынган органикалык калдыктар да бар. Мына ушулардын бардыгы кыртышты жана жер астындагы сууларды булгап жатат. Жерди пайдалануу укугу сакталган эмес. Ачык жаткан таштандынын жыты абага тарап, жакын жердеги тургундар ууланып жатат.

Мамлекеттик таштанды кадастры боюнча 2021-жылдын башында Казакстанда 16,3 миллиард тонна таштанды топтолгон. Бул көрсөткүчкө мыйзамсыз ташталган таштандылардын көлөмү кирбейт. Адистер бул маселе жаңы Экологиялык кодекс боюнча системалуу иш алып баруу менен гана чечилерин эскертишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков