Казакстанда салыктык түшүүлөр артты

Казакстанда салыктык түшүүлөр артты

Мунай, валюта курсу жана экономикалык активдүүлүк. Консолидацияланган бюджеттин бул үч негизги тармагы республиканын бюджетине салыктык түшүүлөрдүн тез өсүшүн камсыз кылды. Казакстандын Финансисттер ассоциациясынын маалыматы боюнча, тогуз айда өлкөдө 15,4 триллион теңге салык чогултулган. Белгилей кетсек, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 71%га көп. Серепчилердин баамында, мунайга болгон баанын өсүшү менен доллардын бюджеттин көрсөткүчтөрүнө карата кымбатташы өлкөнүн оң экономикалык өсүү динамикасы менен бирге салыктык түшүүлөрдүн олуттуу жакшыруусуна алып келди. Үстүбүздөгү жылдын аягында Казакстанда 18 триллион теңгеге жакын салык чогултуу пландалууда. Бирок бул көрсөткүч мындан да жогору болушу мүмкүн дешет адистер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков