Костанай облусундагы токой өрттөрү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдонгон түшүмдүүлүгүнө жана экспорттук келишимдердин аткарылышына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу республиканын айыл чарба министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, айыл чарба өсүмдүктөрү бир аз гана зыянга учураган, демек жалпы аянттын 0,1% азын түзөт. Мындан тышкары, талааларды массалык түрдө жок болуусу катталган эмес. Бирок Карабалык районунда 15 гектар дан эгиндери жана 2 гектар зыгыр күйүп кетти. Мендикарын районунда 1 гектар дан эгиндери күйдү. Белгилей кетсек, облуста эгин аянттарынын 45%дан ашыгы, 1 млн 800 миң тонна дан жана буурчак өсүмдүктөрү жыйналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков