Казакстанда апорт кайрадан жаңыртылат

Казакстанда апорт кайрадан жаңыртылат

Казакстанда айтылуу апорт алмасы кайра жанданат. Буга байланыштуу өлкөдө аталган өнүмдүн үрөнүн өндүрүү боюнча атайын программа иштелип чыкты. Ошондой эле ата мекендик сорттун улуттук стандарттары кабыл алынууда. 4 жылга пландалган масштабдуу долбоор бир нече этапты камтыйт. Бул үчүн илимпоздор эң оболу бардык алма дарактарынын түпкү атасы деп эсептелген сиверс сортторун чогултушту. Кийинки кезекте энелик көчөт багы пайда болот. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн 2025-жылы жашылча-жемиш чарба илим-изилдөө институтунун филиалында 10 гектар аянтка апорт отургузуу көздөлүүдө. Кийинки кадам анын аймагын 100 гектарга чейин көбөйтүү.


Ерсайын Досымбетов, айыл чарба министрлигинин агромелиорация башкармалыгынын жетекчиси:


- «Апорт» - абдан жакшы алма дарагы болуп саналат. Аны өстүрүү жана багуу өзгөчө шарттарды талап кылат. Сапаттуу жемиштерди деңиз деңгээлинен кеминде 450-1250 метр бийиктикте өскөн бактардан гана алууга болот. Бул аймактар Алматы тоолорунун боорунда жайгашкан, деген менен Алматы облусунда мындай жерлер көп эмес. Бүгүнкү күндө 4-6 жылдан кийин толук мөмө берген алманын айырмасы «Апорт» алмасы 8-9 жыл мөмө берет.


Эске сала кетсек, былтыр Алматы апорту расмий түрдө Казакстандын брендине айланган. Адистердин айтымында, алманын ата мекендик сорту чоңдугу жана даамы менен мекендештерге гана эмес, чет элдиктерге да көптөн бери популярдуу болуп келет. Андыктан  бул өнүм түрүнө делген суроо-талаптын жогору экендиги талашсыз. Эми кезекте аны кайрадан жаңыртуунун  өзгөчө маанилүү экенин адистер айтышат.


Ажар Жандосова, «Алмалуу бак» коомдук фондунун мүдүрү:

- Менин оюмча, легендарлуу апортту кайра жаңыртуу программасы Алматынын мурдагы даңкын кайра жаратуу боюнча чоң долбоордун негизги компоненттеринин бири болууга тийиш. Жалпысынан аймактын алма мекени деген наамын кайтаруу керек. Анткени биздин аймак жер бетинде көптөгөн алма түрлөрүнүн мекени катары таанылган. Муну өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө колдонсо болот деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков