Казакстандын
президенти Касым-Жомарт Токаев «жаңы адамдар» форумунда сөз сүйлөдү.
Учурда бул кыймылдын 19
шаарда 15 миңге жакын активдүү
мүчөсү бар. Анын катышуучулары
өлкө аймагында ондогон жарандык демилгелерди жана акцияларды уюштурууга жетишкен. Алардын бардыгы
социалдык маселелерди чечүүгө багытталган. Активисттер мекенди сүйүү өлкөнүн
өнүгүшүнө жол ачат деп ишенишет. Алар менен мамлекет башчысы да макул.
Касым-Жомарт Токаев жаштар үчүн көкүрөгү сыймыкка толуп, өсүп келе жаткан муунга
чоң үмүт артаарын белгиледи. Президент өлкөнүн келечеги акылдуу,
терең билимге жана заманбап
көз карашка ээ азыркы жаштардын колунда экендигин өзгөчө белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Сиздердин сөздөрүңүздү
угуп, форумдун атмосферасын сезип, мен сыймыктандым. Казакстандын келечегине
болгон ишенимим бекемделди. Биз башкалардан алдыда турган өлкө болобуз. Үйрөнө турган жана үйрөтө
турган эл болобуз. Жаштар бардык өзгөрүүлөрдүн башында турат. «Жаңы адамдар» - бул жаңы коомдун
күзгүсү. «Жаңы
адамдар»
– жаңы болмуш!
Бул өз өлкөсүнө берилген жаштардын кыймылы! Биздин стратегиябызды колдогонуңуздар үчүн рахмат. Биздин
реформалардын маңызы сиздердин ураандарда чагылдырылган. Бул өзгөрүштөр адилеттүү
Казакстанды түзүү, «мыйзам
жана тартипти» камсыз кылуу
концепциясына негизделген.
Жоопкерчиликтүү,
чечкиндүү, жүрөгү күйгөн. Мына ушулар өлкөгө ак ниет менен кызмат кылат. Мындай
жаштар азыртадан эле чоң колдоо көрсөтүп, келечекке ишеним артышты.
Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, мамлекет өз тарабынан жаш казакстандыктар
үчүн бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Улуттук фонддун – балдарга,
келечек, Болашак программалары иштеп жатат. «Президенттик жаш кадрлар
резерви»
долбоору да өз жемишин берүүдө. Мажилис жана маслихат шайлоолорунда жаштар үчүн
атайын квоталар киргизилди. Бизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыялар да ишке
кошулууда. Булар дагы чек эмес. Креативдүү
жаштарга үмүт чоң.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти
- Биздин жарандардын бул тармактагы ийгиликтеринин
аркасында Казакстан дүйнөгө таланттуу жана эмгекчил адамдардын өлкөсү катары
көбүрөөк таанылууда. Казакстанда цивилизацияны, жасалма интеллектти өнүктүрүүнү
мен өлкөбүздү өнүктүрүүнүн эң башкы негизги артыкчылыктарынын катарына
киргиздим. Бул жерде биз чоң ийгиликтерге жетишибиз керек. Сиздердин аркаңыздарда
биз муну жасайбыз деп ишенем. Мамлекет креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө жана
компьютердик оюндар боюнча долбоорлорду системалуу колдоо менен алектенген
атайын фонд түзүлүүдө. Жаштар үчүн бул өзүн-өзү өнүктүрүүнүн дагы бир күчтүү
ресурс.
Жыйынтыктап
жатып, Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн эмгектенүү ар бир
жарандын милдети экендигин белгиледи. Коомдун биримдиги жана жаштардын түгөнгүс
энергиясы менен адилеттүү Казакстан курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

