Салттуу иш-чара ушул жылдын күзүндө Германияда өтөт. Чебердин кайталангыс кинетикалык көркөм чыгармалары Казакстандын улуттук павильонун кооздоо үчүн колдонулат. Учурда сүрөтчү көргөзмөгө көңүл буруп жатат. Айтымында, искусствонун бул түрү оңой эмес. Идеяны жүзөгө ашыруу үчүн бир жылга чейин убакыт талап кылынышы мүмкүн.
Ануар Шаймергенов, сүрөтчү:
Идеяларымды ишке ашыруу процессинде менин инженердик жана конструктордук чеберчилигим дайыма шайкеш болуп келген. Идеямды өнүктүрүүгө дизайнердик билимим жардамга келет. Мен ар кандай варианттарды ойлонуп жатам. Кийинчерээк оюмду ишке ашыруу үчүн инженердик тажрыйбамды колдоном. Мен физикалык мыйзамдардын шайкеш келүүсүн изилдей баштайм. Мүмкүн болсо, оюмду жүзөгө ашырууга киришем. Ал үчүн бир аз убакыт талап кылынат.
"Маанай", "булуттар", "үй", "талаа бийи". Ануардын мындай уникалдуу инсталляцияларды жаратууга көңүл бурганына үч жыл болду. Эрмек катары баштаган иши бүгүнкү күндө кесипке айланып, кооздук-колдонмо кол өнөрчүлүктү чеберчилик менен жаратууда. Соода борборлорун жана ресторандарды жасалгалоо үчүн атайын кинетикалык конструкциялар колдонулат. Мындан тышкары, ар кандай көргөзмөлөрдө сунушталат. Анын эмгектери концерттерге жана бет ачар иш чараларга видео роликтерди жасоодо да да колдонулат.
Ануар Шаймергенов, сүрөтчү:
Бул скульптуралардын жаны бар сыяктуу. Анткени ал дайыма кыймылда болот. Ошондой эле шамал сыяктуу табигый күчтөрдүн жардамы менен кинетикалык скульптураларды жасайм. Менин чыгармаларым адамдарга жагат деп ойлойм. Анткени аларды көргөн адам дайыма сүрөткө, видеокамерага тартып, социалдык тармактарга жүктөп калышат. Бул кандайдыр бир имарат, музей же суу борбору үчүн жарнаманын уникалдуу булагы десе болот.
Дизайнер өз ишинде жыгач, темир, таш, кагаз, желим, айнек сыяктуу түрдүү материалдарды колдонот. Кол өнөр чеберинин фантазиясында, идеясында чек жок. Эң негизгиси, бардык инженердик эсептөөлөрдү сактоо менен көркөм объектти жандантып, кыймылга келтире билүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков