Казакстанда рубиктин - кубигинен эки жактуу эң чоң мозаика чогултулду

Казакстандыктар Гиннесстин дагы бир рекордун коюшту! Бул жолу дүйнөдөгү Рубиктин кубиктеринин эки жактуу эң чоң мозаикасы чогултулду. Ал Алматы шаарынын күнүн майрамдоо учурунда тартууланды. Мындай мээнетти жаратууга Жеңис Айтжанов жана анын командасы 5 миңден ашык механикалык пазл жана 12 сааттык убакытты сарптаган. Ал эми даярдык көрүү иштерине алда канча көп,  бир жарым жыл убакыт керектелген.  Идея ошол эле Гиннестин рекорддор китебинен келип чыккан. Ушундай эле мозаика анын ордун ээледи. Сыйкырчы-иллюзиончу Улуу Британиянын расмий өкүлчүлүгү тарабынан жазылган жетишкендиктиктен ашып өтүүнү чечкен. Жигиттин айтымында, алар чогулган паннону мегаполисте ачылышы пландалып жаткан заманбап искусство музейине тапшырууну көздөп жатышат.  Айта кетсек, казакстандык Жеңис Айтжановдун жылдык дүйнөлүк маалымдамасында бул бешинчи ирет жетишкен рекорду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков.