Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерин куттуктады. Президент өлкөнүн бүтүндүгүн жана тынчтыгын чыңдоодо ата мекендик басма сөздүн маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле, бүгүнкү күндө өзгөчө социалдык тармактарда интернеттеги жалган маалыматтар журналисттердин чынчыл жана сын көз караштарына тоскоол болуп жатканы айтылды. «Биз жаңы, адилеттүү Казакстанды курууга кириштик. Сиздердин макалаларыңыздар, сюжет жана журналисттик изилдөөңүздөр бул демилгеге салым кошоору шексиз» - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда. Белгилей кетсек, өлкөдө жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарынын саны менен бирге алардын таралуу аймагы артып келет. Бүгүнкү күндө өлкөдө 5189 ЖМК расмий каттоодон өткөн. Алардын 3700гө жакыны мезгилдүү басылмалар, 84ү радио болсо, ал эми телеканалдардын саны 190дон ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков