Өлкөдө жол адистеринин санариптик банкы түзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Алардын айтымында, маалыматтык система биринчи кезекте тармактагы квалификациялуу адистердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталат. Анда жогорку окуу жайларынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле бүгүнкү күндө иштеп жаткан инженерлер, усталар, долбоорлоочулар жана жол курулушунун башка да адистери тууралуу маалыматтар киргизилет. Маалымат базасында адистердин тажрыйбасы жана категориясы тууралуу маалыматтар камтылат. Алардын квалификациялары тууралуу да жеткиликтүү болот. Азыркы учурда Казакстандын жол изилдөө институту системанын прототибин түзүп, автордук укук алды. Базаны толтуруу 2023-жылы башталат деп пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков