Казакстанда эркектердин простата безинин рагын аныктоо үчүн уникалдуу
технология киргизилди. Анын негизинде жаңы муундагы радиофармпрепаратты
колдонуу жатат. Ал, Президенттин иш башкармалыгынын ооруканасынын Ядролук
медицина борборунда иштелип чыккан. Препарат УҮИ, (ультра үндүү изилдөө) МРТ же
КТ аппараттарында аныктоого мүмкүн болбогон эң алгачкы стадияларында да
онкологиялык ооруну аныктоого мүмкүндүк берет. Адистер бул технология
өлкөбүздүн ядролук медицинасында чыныгы ийгилик болгонун белгилешет.
Бауыржан Абышев, МБО
циклотрондук-өндүрүштүк комплексинин жетекчиси:
- Бул радиофармпрепаратты киргизүү үчүн бизге жарым жылга жакын убакыт
кетти. Адатта дүйнөлүк практикада бул - жарым жылдан эки жылга чейин созулат.
Биз бардык талаптарды сактайбыз. Толук көзөмөл - баштапкы материалдардан тартып
препаратты чыгарууга чейин - биз тарабынан ушул эле борбордо ишке ашырылат. Биз
бул препараттын сапатына кепилдик бере алабыз.
Айгүл Садуакасова, МБО Ядролук медицина борборунун жетекчиси:
- Изилдөө көрсөткүчтөрү рактын бул түрүн таанууну дээрлик 2-3 эсеге
көбөйттү. Бирок бүгүнкү күндө 8 миңден ашуун эркек рак менен ооруйт жана жыл
сайын бул сан 500-800 кишиге чейин өсүүдө.
Бул
дарынын контрасттуулугу жогору жана жарым ажыроо мезгили узак, дал ушул нерсе
аны кеңири колдонууга, күн
сайын көбүрөөк бейтаптарды текшерүүгө мүмкүндүк берет. Сыноо режиминде биринчи
беш адам диагностикадан өттү. Жалпысынан
Ядролук медицина борбору 10 радиофармпрепарат өндүрөт. Алардын баары
онкологиялык ооруларды так аныктоого багытталган.
Которгон: Назира Бегалиева

