Казакстанда эпидемиологиялык абал начарлап кетти. Акыркы суткада 1945 коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул өлкөдө жакында аныкталган Омикрон коронавирус штаммынын жайылышы, майрам күндөрү калктын ички миграциясынын жогору болушу, алдын алуу иш-чараларынын жетиштүү деңгээлде сакталбагандыгы менен түздөн-түз байланыштуу. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды. Эпидемиологиялык баалоо матрицасына ылайык, Нур-Султан шаары кызыл зонага, Шымкент жана Алматы шаарлары сары зонага кирди. Калган 14 аймак жашыл зонада жайгашкан. Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Ералы Тугжанов Саламаттыкты сактоо министрлигине 2 күндүн ичинде ар бир облустагы керебеттердин, дары-дармектердин, турукташтыруу корлорунун даярдыгын жана саламаттыкты сактоо тармагынын даяр болуусуна талдоо жүргүзүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков