ДССУ: коронавирустан көз жумгандар 4% өстү

ДССУ: коронавирустан көз жумгандар 4% өстү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан каза болгондордун саны өстү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдирди. Бирдин айынын 7-13 күндөр аралыгында аталган илдеттен каза болгондордун саны 4%га өскөн. Бирок ковид жуктургандардны саны өткөн жумага салыштырмалуу 19%га азайган. Илдет жуктуруу учурлары Тынч океандын батыш аймагында эң көп катталган. Бул жаатта антирейтингде Орусия, Германия, АКШ жана Бразилия алдыда. Аталган өлкөлөрдүн ар биринде бир жумада миллиондон ашык адам илдетке чалдыгып, миңдеген бейтап инфекцияны жеңе алган эмес. Акыркы жумада дүйнө жүзү боюнча 16 миллиондон ашык адам инфекцияны жуктуруп, 74 миңден ашууну каза тапты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков