Казакстан
ДССУнун
жугуштуу эмес оорулардан эрте өлүмдү 25%га кыскартуу боюнча максаттуу
көрсөткүчтөрүнө жетти. Жалпы жана ымыркайлардын өлүмү 15%дан ашыкка кыскарды.
Саламаттыкты сактоо системасынын абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу президент Касым-Жомарт
Токаевге тиешелүү мекеменин министри
Акмарал Альназарова баяндады. Өлкөдө медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн
жогорулатуу, онкологиялык кызматты өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Атап
айтканда, Улуттук илимий онкологиялык борбордук курулуш аяктады,
Астанада протондук терапия борбору ачылды. Мындан тышкары, фармацевтикалык өнөр
жайы туруктуу өнүгүүдө. Секторго инвестициянын көлөмү 2 жылда 2,3 эсеге, ал эми
өнүмдүн экспорту дээрлик 2 эсеге
өстү. 400дөн ашык дары-дармек түрүн өндүрүү боюнча 6 инвестициялык келишим
түзүлдү. Президент медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууну жана
тармакты санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

