Казакстандыктардын 69%ы коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Парламент Мажилисиндеги өкмөттүк саатта билдирди. Мунун аркасында бейтаптардын саны кескин азайып, эпидемиялык абал жакшырууда, деди министр.
Алексей Цой, Саламаттык сактоо министри:
- Азыркы учурда коронавирус инфекциясын жуктуруу боюнча эпидемиологиялык абал турукташты. Күнүнө 2000ге чейин учур катталып жатат. Бул өз кезегинде инфекциянын жайылышына таасирин тийгизип, баш оона айынын 1нен бери репродуктивдүүлүк көрсөткүч 1,2 эсеге төмөндөгөн. Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуусу ооруканага жаткыруу деңгээлинин азайганын көрсөттү. Өлкө боюнча инфекциялык орундар 36%, жандандыруу бөлүмдөрү 33% толгон.
Ошондой эле, Алексей Цойдун айтымында, Казакстанда Pfizer менен эмделген адамдардын тизмеси кеңейтилиши мүмкүн. Азырынча бул 12 жаштан жогоруларга жана кош бойлууларга уруксат берилген жалгыз вакцина. Министр Pfizer менен ушул жылдын аягына чейин 4 миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн айтты. Учурда республиканын жарандарында вакциналардын беш түрү Sputnik V, QazVac, Hayat-Vax, KoronaVak жана Sinopharm колдонулуп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков